Футзал боюнча Кыргыз курама командасы Азия чемпиондугуна сапар алышты

Футзал боюнча Кыргыз курама командасы Тайбэйде өтө турган Азия чемпиондугуна сапар алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Футбол федерациясынан билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 30-январда Бишкек-Алматы-Бангкок-Тайбэй багыты менен Кыргыз курамасы Бишкек шаарынан учуп кеткен. Башкы машыктыруучу Амиржан Муканов Азия чемпиондугуна 14 спортчуну алып кеткен.

Айта кетсек, Кыргыз курама командасы Азия чемпиондугунун "D" тайпасына туш келип, Иордания, Ливан жана Таиланд курамалары менен күч сынашат. Алар алгачкы беттешин 2-февралда Ливан курамасы менен өткөрүшсө, 4-февралда Иордания менен кез келип, 6-февралда Таиланд курамасы менен беттешет.

Кыргыз курама командасынын беттештеринин тизмеси (Бишкек убактысы боюнча):

2-февраль, 14:30: Кыргыз курама командасы - Ливан;

4-февраль, 14:30: Иордания - Кыргыз курама командасы;

6-февраль, 17:00: Таиланд - Кыргыз курама командасы.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

Дарбазачылар: Кирилл Ермолов, Актилек Эсеналиев.

Коргоочулар: Манас Абдрасул уулу, Улан Байгазы уулу, Адилет Иманбеков, Дастан Рысбеков, Келкел Анарбеков, Актай Таштанов , Мирлан Жолдубаев.

Чабуулчулар: Эмил Канетов, Юлдашбай Салимбаев, Арстанбек Турсунов, Адилет Култаев, Максат Алимов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ussr7
2018-01-31 17:52:51
ийгилик!
+1
zahid
2018-01-31 18:06:01
Ктрк спорт туз алып береби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан