Аламүдүн районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү ири өлчөмдөгү спайс менен кармалды. Анын болжолдуу баасы 19 миллион сомго бааланган

Аламүдүн районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 18 килограмм 925 грамм салмактагы спайс баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу 31-январда ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, шектүү Кыргыз өлкөсүнүн жана коңшу Казакстандын аймагында аткезчилик жол менен аң-сезимге таасир берүүчү каражаттарды таратып жүргөн.

"30-январь күнү атайын операциянын жүрүшүндө Аламүдүн районунун Орто-Сай айылында мыйзамсыз ишмердүүлүк менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Кармалган адам Кыргыз Республикасынын жараны болуп чыгып, жашаган жерин текшерүү учурунда өзгөчө ири өлчөмдөгү спайс баңгизаты табылып, жалпы салмагы 18 килограмм 925 грамм салмакты түзгөн. Алынган баңгизаттын партиясы көмүскө базарында болжол менен 19 миллион сомго сатылмак.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда жогоруда аталган баңгизаттар менен алектенген кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн кармоо максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти ИИМден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jengoo
2018-01-31 20:27:34
Ошондо 1 кг 1002638 сом болуп калат экен да.
0
Mika8484
2018-02-01 10:29:40
1гр 1002 сом. Ушуну ким чегет. Ден соолугун плюс акчасын коротуп?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан