Футзал боюнча Кыргыз курамы дүйнөлүк рейтингде 43-орунга жайгашты

Футзал боюнча Кыргыз курамы дүйнөлүк рейтингде 43-орунга жайгашты. Бул тууралуу футзал боюнча дүйнөлүк рейтингди аныктаган сайттын маалыматында айтылат.

Маалыматка караганда, биринчи үчтүккө Бразилия (1933 упай), Испания (1878 упай) жана Орусия (1717 упай) курамалары кирген. Ал эми коңшу Казакстан 9-орунда, Өзбекстан 27-орунда, Тажикстан 71-орунда жайгашкан. Кыргыз өлкөсү болсо 1047 упай менен 43-орунда.

Эскерте кетсек, 1-февралдан 11-февралга чейин кытайлык Тайбэйде футзал боюнча Азия биринчилиги өтөт. Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы Ливан, Иордания жана Таиланд курамалары менен бир тайпага түшкөн. Биринчи беттешин 2-февраль күнү Ливан курамасына каршы өткөрсө, 4-февралда Иордания менен кез келет, 6-февраль күнү Таиланд менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat.97
2018-01-31 18:23:26
Казактар катуу го.Негизи чон футболдо деле бизден бир топ эле кучтуу казактар. Европа олколору менен ойноп утулуп эле артка кетип жатышат.Азияга кошулса 35-40 месталарда эле журушмок булар.Негедир ушул казактарды бизден ойдо болушун каалабайм
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан