Көпчүлүк күткөн "Такси 5" тасмасына башкы каармандар Даниэль жана Эмильен катышпайт

Көпчүлүк күткөн "Такси 5" тасмасына башкы каармандар Даниэль жана Эмильен катышпайт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Интернетте белгилүү "Такси" тасмасынын 5-бөлүгүнүн биринчи расмий трейлери жарыяланды. Жаңы тасманы бул жолу режиссёр Франк Гастамбид тартып, башкы каармандын ролун да өзү ойногон. Мындан сырткары тасмага Сабрина Уазани жана Малик Бенталха тартылса, полиция бөлүмүнүн башчысы Жибердин образын кайрадан эле Бернар Фарси ойногон. Ал эми тасманын мурунку 4-бөлүгүндө башкы каармандардын ролун жараткан Даниэль (Сами Насери) жана Эмильен (Фредерик Дифенталь) 5-бөлүктө катышкан эмес.

Тасманын сценарийин Франк Гастамбид жана Стефан Казанжян жазса, продюсерлик милдетти Люк Бессон аркалаган.

Белгилей кетсек, "Такси 5" тасмасынын дүйнөлүк бет ачары 2018-жылдын 11-апрелинде орун алат.

TAXI 5 - тизер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aliakg90
2018-01-31 23:53:42
Мурункулары ооло жагат, сонун рол жаратышкан башкы кармандар, эми кандай болот болду экен кутобуз....)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан