Чүй облусунда 14 жашар бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, окуя 7-июнда Ысык-Ата районундагы Эпкин айылында болгон. 1999-жылы туулган Илим Эрмек уулунун жансыз денесин Токмок шаарынын куткаруучулары Р-12 суусунан алып чыгышкан. Учурда окуянын кандайча болгону такталууда.