Германиялык "Боруссия Дортмунд" футбол клубунун жылдызы Пьер-Эмерик Обамеянг англиялык "Арсенал" клубуна өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, англиялык клуб 28 жаштагы футболчуну 63 миллион еврого сатып алды. Муну менен Обамеянгдын трансфери "Арсеналдын" тарыхында эң кымбат сатып алуу болду.
Маалымдай кетсек, Пьер-Эмерик Обамеянг "Боруссия Дортмунд" футболдук клубунун курамында 144 беттешке катышып, 98 жолу айырмалана алган.