Балыкчыда жергиликтүү тургунду сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу 31-январда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган шаардагы "Ай-Көл" деген кафенин алдынан 30-январь күнү саат 23:47 чамасында белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу милицияга маалымат түшкөн.
Милиция айтылган дарекке барып, маркумдун жол кырсыгынан улам каза болгонун аныкташкан. Ошондой эле кырсык болгон жерден унаанын күзгүсүнүн жана фарасынын сыныктары табылып, далил катары алынган. Каза болгон адамдын сөөгү өлүк сактоочу жайга жеткирилип, ал Балыкчы шаарынын 58 жаштагы А.А. аттуу тургуну болуп чыкты.
Андан кийин милиция "Ай-Көл" кафесиндеги видеобайкоону карап, ал адамды Тойота-Харриер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу сүзүп, кырсык болгон жерден шаардын чыгыш тарабын көздөй качып кеткенин көрүшкөн. Анын өлүмүнө шектүү катары Тойота-Харриер унаасынын 1995-жылы туулган С.Р. аттуу айдоочусу кармалып, күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Кармалган айдоочу наркологиялык текшерүүнүн жыйынтыгында мас абалда болгону аныкталган. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иликтөө иштери башталды.