Футболчу Златан Ибрагимович карьерасын АКШда уланта турганы айтылууда

Швециянын атактуу футболчусу Златан Ибрагимович АКШлык "Лос-Анжелес Гэлакси" футболдук клубу менен келишим түзгөнү айтылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Ибрагимович жаңы клубуна качан кошула турганы азырынча белгисиз. Анткени Ибрагимовичтин "Манчестер Юнайтед" клубу менен келишими 2018-жылы соңуна чыгат. Эгер Златан Ибрагимович АКШнын футбол лигасы (МЛС) үчүн ойной турган болсо, 7,7 миллион евро төлөнүшү мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, Златан Ибрагимович 2016-жылы "ПСЖдан" англиялык "Манчестер Юнайтедге" бекер өткөн. 1 жылдын ичинде Златан Ибрагимович 28 беттешке катышып, 17 гол менен айырмаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kg.arts.
2018-01-31 20:17:39
Мен кээде ушул футболчулар ары сатылып бери сатылып жургонун коруп сойкуга окшоштура берем. Бирок айырмасы тапкан акчасы адал ошого эмне жетсин.
+2
Dembele84
2018-01-31 21:56:25
Ибрагимович жашы жетип калды.Англияда азыр клубдар бири биринен отуп кучтуу оюн коргозуп жатат.Ошон учун жаштарга орун бошотуп,МЛСке барып,пенсияга акча иштеп алса коптук калбайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан