Таш-Көмүрдөгү көмүр шахталарынын биринде 26 жаштагы жаранды топурак басып калды

Таш-Көмүрдөгү көмүр шахталарынын биринде 26 жаштагы жаранды топурак басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Алдын ал маалыматтар боюнча Таш-Көмүр шаарына жакын жердеги Кара-Тыт айылында мыйзамсыз түрдө көмүр казып жаткан Аксы районунун Ак-Жол айылынын тургуну 26 жаштагы М.Ч. аттуу жаранды топурак басып калган. Бул тууралуу маалымат ӨКМга 16:30дар чамасында келип түшкөн. Аны куткаруу иштерине Өзгөчө кырдаалар министрлигинин 12 куткаруучусу тартылып учурда куткаруу иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Андан сырткары куткаруу иштеринин жыйынтыгы менен дагы кошумча малыматтар берилерин басма сөз кызматынан кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
futboler
2018-01-31 22:05:45
Кудай сактап, аман эсен чыгып калса экен
0
mirbek2211
2018-01-31 22:48:57
Кудай сактасын. Жыл сайын кайталанат көмүр казгандарды басыптыр деп. Көмүр казып жашоосун өткөргөн адамдар көп. Казбагыла деп баарын тыйуу кыйын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан