Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда 3-4-февраль аралыгында стритбол боюнча "Winter Cup 2018" мелдеши өтөт. Бул тууралуу Баскетбол федерациясы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган мелдеш 3 категорияда орун алмакчы. Анда 16 жаштан улуу кыздар, 18 жашка чейинки эркектер жана 18 жаштан жогору эркектер күч сынашмакчы. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр медалдар жана баалуу белектер менен сыйланат.
Маалымат үчүн: Стритбол (көчө баскетболу) - баскетболго караганда оюнчулардын саны аз (3 эле оюнчу) жана аянт эки эсеге кичинекей (баскетбол аянтынын жарымы).