Японияда карылар үйүнөн өрт чыгып 11 адам каза болду. Кырсык 31-январдан 1-февралга караган түнү өлкөнүн түндүк тарабындагы Саппоро шаарында болгон.
Япониянын ЖМКларынын маалыматына караганда, анда кары адамдар үчүн салынган эки кабаттуу үйдө жалпы 16 адам жашап жаткан. Кырсык учурунда өрт өчүрүүчүлөр 5 адамды куткарууга жетишип калган. Алардын үчөөсү эркек киши болсо, экөөсү аялдар.
Ал эми тилсиз жоонун эмнеден улам келип чыкканы азырынча айтыла элек.