Ош облусунун Алай районунда 4 күн мурун аң улоого чыгып, дайынсыз жоголгон киши дале табыла элек. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Будалык айыл аймагында 28-январь күнү саат 08:00 чамасында Октябрь айылынын тургуну Д.Матишов Сары-Күнгөй тоосун көздөй аң улоого чыгып, дайынсыз жоголгон. Акыркы жолу 28-январда саат 16:00дө үй-бүлөсү менен байланышкан. 30-январда издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 09:25те ӨКМнын өрт-куткаруу бөлүмүнүн 6 куткаруучусу, туугандары жана РИИБ кызматкерлери менен биргеликте издөө иштерине чыгышкан. Издөө-куткаруу иштери ошондон бери улантылууда.