Өзбекстандын Наманган шаардык ооруканасында 52 жаштагы жергиликтүү аял каза болду. Бир жума мурда ал коңшу жайгашкан сойкуканага келген адамдарды кууп, милиция чакырууга аракет кылган маалда катуу сабалган. Укук коргоо органдары тарабынан аялды сабаган адамдар кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатканы жазылат чет элдик маалымат булактарында.
Каза болгон аялдын коңшуларынын бири аны коңшу батирдеги сойкуканага келген адамдар сабаганын көргөндүгүн билдирген.
"Биздин үйдө сойкукана бар. Тургуной Олтинованы 23-январда кечки саат он жарымдарда ошол батирге келген белгисиз адамдар сабап кетишти. Биз анын кыйкырганын угуп сыртка чыкканда кол салган адамдар качып кетишти. Алардын бири беткапчан болчу. Канжалап жаткан Тургуной апаны ооруканага жеткирдик. Бир жумадан кийин, 30-январда ал каза болуп калды", – деген маркумдун коңшусу.
Наманган шаардык ички иштер башкармалыгынан кылмыш иши козголгон. Бирок милиция тараптан сойкукананы жабуу боюнча эч кандай чара көрүлбөгөнүнө маркумдун коңшулары нааразы болуп жатышканы жазылат маалыматта.
"Биздин үйдө балалуу үй-бүлөлөр жашайт. Ага карабастан сойкукана ачышты. Күн сайын жарым жылаңач кыздар эркектерди тосуп алышат. Тургуной апа бул үйдө кичинекей балдар дагы жашай турганын айтып, алар менен дайыма урушуп келген. Акыры аны катуу жазалашты. Эмнеге милиция унчукпайт? Бизди ушул таң калтырып жатат", – деген маркум Олтинованын коңшуларынын бири.