Таш-Көмүрдөгү шахталардын биринде топурак басып калган жарандын жансыз денеси табылды. ӨКМнын маалыматына ылайык, кырсык 31-январь күнү райондун Кара-Тыт айылындагы мыйзамсыз түрдө көмүр казылып жаткан шахтада болгон. Ал эми каза болгон адам Жолборсту айылынын 1992-жылы туулган М.Ч. аттуу тургуну болуп чыкты.
"Куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн саат 16:38де 12 куткаруучу тартылып, саат 21:30да маркумдун жансыз денесин алып чыгышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп билдиришти ӨКМдан.