Бүгүн, 1-февралда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө Аида Салянованын жаңы дайындалган жактоочусу Саня Ахмаметова иш менен толук таанышууга убакыт аз берилип жетишпей калганын айтып дагы убакыт берүүнү өтүндү.
Бирок сот ага иш менен таанышып чыгууга бир күн убакыт бергенин айтып, анын өтүнүчүн канааттандырган жок. Бирок жактоочу ишти жакшы өздөштүрбөй туруп кардарынын кызыкчылыгын коргой албай тургандыгын айтты.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.