Бүгүн, 1-февралда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө Аида Салянованын жаңы дайындалган жактоочусу Саня Ахмаметова иш менен толук таанышууга убакыт аз берилип жетишпей калганын айтып дагы мөөнөт берүүнү өтүндү. Бирок сот анын өтүнүчүн четке кагып канааттандырган жок.
Жактоочу ишти жакшы өздөштүрбөй туруп кардарынын кызыкчылыгын коргой албай тургандыгын айтты. Ал эми Аида Салянова соттун бул чечимине нааразы болуп, ага ишенбөөчүлүк көрсөттү. Сот кеңешме бөлмөсүнө кирип чыгып, Салянованын келтирген өтүнүчүн орунсуз деп таап, четке какты.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.