Ксения Палкина теннис боюнча эл аралык мелдешке катышат
Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина теннис боюнча эл аралык мелдешке катышат.
Бул тууралуу маалымат аталган спорт түрүнүн эл аралык сайтында жайгашкан.
Маалыматка ылайык, мелдеш 10-16-июнь күндөрү Өзбекстандын Бухара шаарында өтөт.
Анда 14 мамлекеттен келген 45 спортчу ат салышмакчы.