Бүгүн, 1-февралда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө Аида Салянованын жактоочусу Саня Ахмаметова иш менен толук таанышууга убакыт берүүнү өтүндү. Бирок сот аны канааттандырган жок. Андан соң жактоочу ишти толук өздөштүрбөй туруп кардарынын тагдыры чечилип жатканда аны коргогонго моралдык укугу жок экенин айтып, Салянованы кызыкчылыгын коргоодон баш тартты.
Бир нече убакытка созулган тараптардын талаш тартышынан кийин сот жактоочуну өтүнүчүн канааттандырып, Салянованы башка жактоочу коргой турган болду. Ага байланыштуу соттук отурум түштөн кийинкиге жылдырылды.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.