"Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү жайынан башка адамдын паспорту менен Казакстанга өтүүгө аракет кылган Өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 31-январь күнү чек арачылар тарабынан "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү жайынан 28 жаштагы А.К. аттуу Өзбек жараны кармалган. Анын паспортун текшерген учурда өзү менен паспорттогу сүрөтү дал келген эмес. Текшерүү учурунда паспорт башка жаранга таандык болгону аныкталган.
Тийиштүү документтер толтурулган соң кармалган жаран УКМКнын аймактык кызматкерлеринин колуна өткөрүлүп берилди.