2017-жылы Кыргыз спортчуларына 32 миллион сом стипендия берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдады.
"Кыргыз Республикасынын спорттун түрлөрү боюнча курама командалардын 270 мүчөсү 2017-жылы стипендияга татыган. Стипендияга сарпталган каражат 27 миллион 344 миң 100 сомду түзсө, премия катары берилген каражат 4 миллион 655 миң 900 сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.
Кыргыз Республикасында стипендиялардын категориясы 7ге бөлүнгөн. Анда эң жогорку стипендия 45 миң сомду түзсө, эң төмөнкү көрсөткүч 2 миң сомду түзөт. Эң жогорку категориядагы стипендияга Кыргыз Республикасында 8 спортчу татыган. Алардын ичинде балбандар Айсулуу Тыныбекова, Эламан Догдурбек уулу, Каныбек Жолчубеков, дзюдочулар Юрий Краковецкий, Ильгиз Каналбек уулу, жөө күлүк Дарья Маслова жана пауэрлифтинг боюнча спортчулар Эсен Калиев жана Жыргал Орозбаев.
Андан тышкары, 2017-жылы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги 228 спорттук жана 12 калыстык наамдарды ыйгарган. Анын ичинде:
Кыргыз Республикасынын спорт чебери – 179;
Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери – 23;
Кыргыз Республикасынын улуттук категориядагы калысы – 12;
Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген машыктыруучуcу – 24;
Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген спорт чебери – 2.