Бишкекте "батирлерге кирип уурулук кылып жүргөн" деп шектелип эки Казак жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-январда милицияга Бишкек шаарынын кичи райондорунун биринин тургуну үйүнө ууру кирип 2 миң долларын, алтын буюмдарын уурдап кеткенин айтып кайрылган. Бул факты боюнча иликтөө жүргүзүлүп, шектүү катары 3 жаран кармалган. Алардын бири Кыргыз жараны болсо, экөөсү Казак жарандары болушкан.
Алардын унаасын текшерүүгө алышканда травматикалык тапанча, батирлердин эшигин жана башка кулпуларды ачууга керектүү жабдыктар табылган.