Дүйнөдөгү эң келишимдүү кылмышкер Жереми Микс менен орусиялык ырчы Ольга Бузова сүйүшкөндөр күнүн чогуу өткөрүшөт

Дүйнөдөгү эң келишимдүү кылмышкер Жереми Микс менен орусиялык ырчы Ольга Бузова сүйүшкөндөр күнүн чогуу өткөрүшөт. Бул тууралуу Жереми Микс орус журналисттеринин суроолоруна жооп берип жатканда билдирген.

Маалым болгондой, ал кечээ, 31-январда ырчы Ольга Бузованын "WI-FI" аталышындагы ырынын клибине тартылуу үчүн Орусияга учуп келген. Бузова ошол күнү болгон катаал аба ырайына жана жол тыгындарына карабастан, клибинин каарманын аэропорттон өз убагында тосуп алганга жетишкен. Андан соң экөө журналисттер менен жолугушуу өткөрүшүп, бир катар суроолорго жооп беришкен. Анда, Жереми Микс Орусияга болгон саякаты 2 жумага созула турганын айтып, 14-февраль - Сүйүшкөндөр күнүн Бузова менен чогуу өткөрө турганын билдирген.

"Мен Орусия өлкөсү менен кенен таанышкым келет. Алгач эле аталган мамлекеттин борборунда жайгашкан "Кызыл аянтты" көрдүм. Дагы саякаттай турган жерлер көп. Жалпысынан 2 жумадай бул жакта болом. Ал эми сүйүшкөндөр күнүн Ольга Бузова менен чогуу өткөрөм", - деген ал.

Айта кетсек, 2014-жылы Жереми Микс түрмөдө отурган кезинде түшкөн сүрөтү аркылуу интернеттеги эң популярдуу адамга айланган. Ал курал-жаракты мыйзамсыз сактоо беренеси боюнча кармалып, эркинен ажыратылган. Калифорниялык полиция Жереминин сүрөтүн интернетке жүктөөр замат колдонуучулар аны эң келишимдүү кылмышкер деп табышкан. Абактан чыккан соң Жереми популярдуу жана кымбат моделге айланган. Буга чейин Микстин миллиардер айым менен болгон сүйүү мамилеси коомчулукта чоң талкуу жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
gute
2018-02-01 14:43:13
Батрутдинов эмне болду экоонун суйуусу буттубу
0
aibars
2018-02-01 14:44:02
Ушунун туру келишимдуу болсо анда мен красавчик экенмин;)
+28
Ajara_13
2018-02-01 14:47:44
aibars,Деп койдунуз :)
+4
aibars
2018-02-01 14:48:54
Ajara_13, чын эле ;)
+3
ilgizk
2018-02-01 15:09:46
Бузова экөө бир арча майрам кылат экенда...
+7
ruslanz
2018-02-01 15:28:23
Кылмышкер болсо болсун, эн башкысы келишимдуу болсун. Бузова.О
-3
monok2001
2018-02-01 15:35:57
Мындайча айтканда Бузова ХХХХ да Тарасовдун уйлонгонуно ичи куйуп ушул ишти кылды
+6
admin_superstan
2018-02-01 15:50:31
monok2001, адамдын намысына шек келтирген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
+1
bekhaliev
2018-02-01 15:41:45
14 февраль туну расааа болот экенда, эххх чирикин
+6
Raimkulov123.kg
2018-02-01 15:42:09
bekhaliev, Ага чейин эле болсо керек уже.
+2
Dembele84
2018-02-01 15:54:13
Бузова турдуу иштерди кылып алаксыйын деп жатат,бирок Тарасовго ичи куйуп жургонун билдирип койот да дайыма.
+2
Magusi
2018-02-01 18:16:14
Бузова баягы анекдоттогудай кылгантат окшойт. .Кекчил келин болуп
0
Nurik1988
2018-02-01 21:01:30
14 куну чиркин жер титирейт екенда
+1
Shokoladka94
2018-02-01 23:16:39
Красавчик эмес
0
jbolotov
2018-02-01 23:59:18
Орустун ырчыларына акча корсотсон итин болуп алатко атан кору .
0
Baian
2018-02-02 02:23:32
Кеттиго уже Хлоя Грин жди деп журотко.14но жетпей качтыго )
0
kairan_ozum
2018-02-03 23:47:41
Акчан болсо талтанда деген ушу да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан