Бүгүн, 1-февралда Бразилиянын Белем шаарында мушкер Валентина Шевченко беттеш алдында өзүнүн ачык машыгуусун өткөрдү. Машыгууга көрүүчүлөр жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү келишти.
Айта кетсек, Валентина Шевченко 3-февралда "UFC Fight Night 125" мелдешинин алкагында бразилиялык Присцила Качоэйра менен күч сынашат. Анда Валентина Шевченко өзүн 57 килограмм салмак ченинде көрмөкчү.
Эске салсак, буга чейин Валентина Шевченко 62 килограмм салмак ченинде өзүн сынаган. Анда Шевченко рейтингде 1-орунду камсыздап, бирок чемпиондук кур үчүн беттеште Аманда Нуньеске жеңилип калган.