7-июнда Бахрейндин Манама шаарында өткөн достук мелдешинде кыргызстандык футболчулар Бахрейндин командасын 3:1 эсебинде утушту. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирет. Айта кетсек, атаандаш тараптын дарбазасына киргизилген голдордун ээлери Мирлан Мурзаев жана Ахлетдин Исраилов. 11-июнда мекендештерибиз Таиландда эстониялыктар менен беттешмекчи.