Иззат Артыков Азия оюндарына катышуусу мүмкүн

Жайкы "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында коло байгеден кол жууган оор атлетчи Иззат Артыков 2018-жылы өтө турган Азия оюндарына катышуусу мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов билдирди.

"Эл аралык олимпиадалык комитет Иззат Артыковду медалдан жана мелдештерге катышуудан ажыраткан. Бирок ал дисквалификацияланган эмес, анткени дисквалификацияны эл аралык Оор атлетика федерациясы гана бере алат. Азыркы тапта эл аралык Оор атлетика федерациясы эч кандай чечимин кабыл ала элек. Биз кат түрүндө эл аралык федерацияга суроолорду жиберип жатабыз, бирок жооп келе элек. Кошумчалай кетсем, учурда көп чет элдик оор атлетчилер дисквалификациялоодон кийин кайрадан мелдештерге катыша баштады. Мисалы, казакстандык оор атлетчи, Олимпиаданын 2 жолку чемпиону Илья Ильин. Ал 30-июндан баштап мелдештерге катыша баштайт. Менин оюм боюнча, Иззат Артыковго азырынча убакыт келе элек, бирок Азия оюндарына катышуусу толук мүмкүн деп ишенимдүү түрдө айта алам", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Иззат Артыков Бразилияда өткөн Жайкы "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында коло медаль жеңип алган. Бирок 8 күн өткөн соң ал допинг колдонгон деп айыпталып, Олимпиада оюндарынан четтетилген. Эл аралык олимпиадалык комитет Иззат Артыковдун канынан стрихнин затын таап алган.

Маалымат үчүн: Стрихнин заты терапиялык дозада колдонгондо сезүү органдарын күчтөп, борбордук нерв системин дүүлүктүрүп, рефлектордук реакциясын (көрүү, угуу, даам, жыт сезүүнү) жогорулатат. Стрихнин жалпы зат алмашуу процесси төмөндөгөн учурда, бат чарчоодо, гипотониялык ооруларда, организмдин уулануусунан же инфекциянын айынан жүрөктүн иштеши начарлаганда сергитүүчү каражат катары да колдонулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gogomi
2018-02-01 19:11:49
Жакшы жаңылык
0
Ali-han
2018-02-02 05:15:17
Насвайды ташта эми болду Иззат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан