"Тамашоудо" "КG 77" командасынын капитаны катары таанылган "тамашоучу", актёр Зияш Турдубеков бүгүн, 1-февралда 27 жашка толду. Актёрду туулган күнү менен куттуктап телефон чалганыбызда, туулган күнүндөгү өзгөчө салт тууралуу айтып берди.
"Туулган күнүмдү жыл сайын эле белгилейм. Бирок менде бир өзгөчө салт бар. Тактап айтсам, төрөлгөн күнүмдү бир жылы досторум менен белгилесем, кийинки жылы үй-бүлөм менен тосом. Быйыл кезек үй-бүлөмдө, ошол себептен азыр апамдын маңдайында отурам", - деди ал.
Ошондой эле жаңылыктары менен бөлүшүп, жакында Казакстанда тартыла турган "Томирис" аталышындагы тасманын тартуу иштерине экшн-оператор катары катыша тургандыгын кошумчалай кетти.
Зияш Турдубеков Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Чеч-Дөбө айылында 1991-жылы 1-февралда туулган. Үй-бүлөдө 6 бир тууган. 3 уул жана 3 кыз. Брюс Ли тууралуу тамашаларды катыра аткарган актёр "Мачо", "Уктаткыч", "Алдамчы Жеки", "Салам, Бишкек-2", "Гонщик таксист" жана башка тасмаларда роль жараткан. Мындан сырткары оператор, режиссёр, каскадёр да болуп эмгектенип келет.
1-февралдын жылнаамасы.