Гүлшанай Сатарова жеңил атлетика боюнча Азия чемпиондугунун күмүш медалын тагынды
Кыргыз жөө күлүгү Гүлшанай Сатарова жеңил атлетика боюнча жабык имараттагы Азия чемпиондугунда күмүш медаль жеңип алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Иван Щербаков билдирди.
"Бүгүн, 1-февралда Ирандын Тегеран шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Кыргыз жөө күлүгү Гүлшанай Сатарова 3 миң метр аралыктагы жарышта 2-орунда келип, күмүш медалын тагынды. Учурда башка спортчулардын жыйынтыктары келе элек", - деди ал.
Айта кетсек, Ирандын Тегеран шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнөн 6 спортчу катышууда. Мелдеш 5-февралда жыйынтыкталат.