Бүгүн, 1-февралда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралды. Анын жүрүшүндө сот иш менен таанышууга жетиштүү убакыт бербей жактоочу болуудан баш тарткан Саня Ахмаметованын ордуна мурда Саляновага коомдук жактоочу болуп жүргөн Рабига Сыдыкова жактоочу болуп ишти уланта турган болду.
Кийин Саляновага жаңы жактоочу болгон Рабига Сыдыкова иш менен таанышып чыгууга убакыт берүүсүн өтүндү. Сот аны Саляновага коомдук жактоочу болуп жүргөндө иш менен таанышкансың деп өтүнүчтү канааттандырган жок. Кийин Салянова соттук коллегиянын мүчөлөрү алмашканына байланыштуу мыйзамга ылайык, иш кайра башынан каралуусу керек экенин айтып өтүнүч келтирди эле, сот аны дагы четке какты.
Буга чейин соттук отурумда ишти изилдөө аяктаган, түштөн кийин жарыш сөз башталмак. Бирок жактоочулар тарабынан келтирилген өтүнүчтөр жана сотко көрсөтүлгөн ишенбөөчүлүктүн саны көбөйүп аны карап бүткөнчө эле жумуш убактысы аяктап калды.
Соттун чечими менен отурум эртең саат 10:00дө уланып, жарыш сөз орун ала турган болду.