Ала-Арча дарыясынын муз катмарларын тазалоо иштери улантылууда

Бишкек шаардык жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан учурда Бишкектеги Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларындагы суулар көзөмөлдөнүп жатканын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

31-январь күнү кечке жуук Бишкектеги Ала-Арча дарыясынын деңгээли көтөрүлгөндүктөн суу ашып, Бейшеналиева көчөсүндөгү 2 турак үйдү жана 1 кампаны, Рыскулов көчөсүндөгү 3 турак үйдү каптаган. Аталган аймактарга ӨКМнын техникалары жана кызматкерлери тартылып суунун муз катмарларын тазалоо иш-чараларын жүргүзүшкөн.

31-январь күнү сайдан 6 миң 500 куб муз жана кар ташылып чыккан. Суудагы муз катмарларды тазалоо иштери 1-2-февраль күндөрү да улантылып, дагы 10 миң куб муз жана карды ташып чыгуу пландалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан