Кыргыз балбандары Каныбек Жолчубеков жана Калы Сулайманов өз салмак категориясында дүйнөлүк рейтингде 1-орунда жайгашты

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын балбандары Каныбек Жолчубеков жана Калы Сулайманов өз салмак категориясында дүйнөлүк рейтингде 1-орунда жайгашты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун жаңыланган рейтингинде жарыяланган.

Маалыматка караганда, аталган рейтинг "Иван Ярыгин" жана "Тахти кубогу" мелдештеринин негизинде жарыяланган. Каныбек Жолчубеков менен Калы Сулайманов "Тахти кубогу" мелдешинде өз салмак категорияларында алтын медалдарды жеңип алышкан. Муну менен Жолчубеков 17 упай топтоп, ал эми Сулайманов 15 упайга ээ болуп дүйнөлүк рейтингде 1-орунду камсыздашты. Ошондой эле Кыргыз балбаны Урмат Аматов "Тахти кубогунда" коло байгеге ээ болгону үчүн, дүйнөлүк рейтингде 4-орунда жайгашты.

Дүйнөлүк рейтингдеги Кыргыз балбандар:

60 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Каныбек Жолчубеков;

5-орун: Рустам Тейишов.

63 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Калы Сулайманов;

3-орун: Урмат Аматов.

87 килограммга чейинки салмак ченинде:

5-орун: Самат Шырдаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aiba.8327
2018-02-02 11:13:57
Охо молодец...куттуктайм
+2
Pandora
2018-02-02 11:16:06
Ох хоо кандай сонун жанылык))) Куттуктаймын!!! Кыргыз жигиттери алгаа!!!
+3
Azat.97
2018-02-02 11:36:32
Кыргызымдын кыраан жигиттери алга!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан