Бүгүн, 2-февралда Чүй облусунун Москва райондук сотунда вице-премьер-министр Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгы боюнча соттук процесс уланды. Анын жүрүшүндө КамАЗдын айдоочусу Автандил Таалайбек уулу акыркы сөзүн айтып, каза болгондордун жакындарынан, туугандарынан кечирим сурады.
"Өз күнөөмдү моюнума алам. Адамдарды атайылап өлтүрөйүн деген оюм жок болчу. Кокустук болуп кетти. Маркумдардын жакындарынан, туугандарынан кечирим сурайм", - деди айыпталуучу.
Буга чейин мамлекеттик айыптоочу соттон КамАЗдын айдоочусун 11 жылга жатак абакка кесүүнү сураган. Бүгүн ага сот өкүмү чыгышы мүмкүн.
Эскерте кетсек, 2017-жылы 7-октябрь күнү Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Садовое айылындагы бөлүгүндө КамАЗ Тойота Прадо унаасын сүзүп, 10-15 метрге чейин сүрүп кеткен. Натыйжада Тойота Прадо унаасынын ичиндеги Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу каза болгон.