Бүгүн, 2-февралда Тайбэйде футзал боюнча Азия чемпиондугунун алкагында Кыргыз курама командасы алгачкы беттешин өткөрөт. Анда Кыргыз футзалчылары Ливан курама командасы менен беттешмекчи. Беттештин башталышы Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да.
Айта кетсек, футзал боюнча Кыргыз курама командасы Азия чемпиондугунун "D" тайпасына туш келип Иордания, Ливан жана Таиланд курамалары менен күч сынашат.
Башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов Азия чемпиондугуна 14 спортчуну чакырган.
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
Дарбазачылар: Кирилл Ермолов, Актилек Эсеналиев.
Коргоочулар: Манас Абдрасул уулу, Улан Байгазы уулу, Адилет Иманбеков, Дастан Рысбеков, Келкел Анарбеков, Актай Таштанов , Мирлан Жолдубаев.
Чабуулчулар: Эмил Канетов, Юлдашбай Салимбаев, Арстанбек Турсунов, Адилет Култаев, Максат Алимов.