Бишкек шаарындагы бильярд клубдарынын биринен жашыруун иштеген кумаркана табылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бильярд ойноочу жайлардын бирин текшерген учурда, ал жерден ар биринде 5-7ге чейин адам ойной турган 6 карта ойноочу стол табылган. Ошондой эле издөө иштеринин жыйынтыгында ал жерден фишкалар, карта алынган.
Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.