Бүгүн, 2-февралда Чүй облусунун Москва райондук соту вице-премьер-министр Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгы боюнча ишти карап, КамАЗдын айдоочусу Автандил Таалайбек уулун 10 жылга жатак абакка кести.
Соттун өкүмүнө ылайык, айдоочу Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси "транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу" жана 176-берене (мүлктү байкабастыктан кыйратуу же бүлүндүрүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми жазасын жатак абакта өтөөсү белгиленди. Ошондой эле 3 жылдык мөөнөткө транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратылды.
Андан сырткары Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармасынын Автотранспорт ишканасынын доо арызы жарым-жартылай канааттандырылып, мамлекеттин пайдасына 2 миллион 95 миң 250 сом төлөөсү милдеттендирилди.
Буга чейин мамлекеттик айыптоочу соттон КамАЗдын айдоочусун 11 жылга жатак абакка кесүүнү сураган.
Эскерте кетсек, 2017-жылы 7-октябрь күнү Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Садовое айылындагы бөлүгүндө КамАЗ Тойота Прадо унаасын сүзүп, 10-15 метрге чейин сүрүп кеткен. Натыйжада Тойота Прадо унаасынын ичиндеги Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу каза болгон.