Жактоочу: "Елисеевге кылмыш иши козголуп издөөгө алынганын Салянова билүүгө милдеттүү эмес болчу"

Депутат Аида Салянованын иши боюнча соттук отурумда анын жактоочусу Чынара Жакупбекованын жарыш сөзү уланууда. Жактоочу жарыш сөзүндө "Салянова юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыптоо туура эмес экендигин айтты. Анын белгилешинче, Салянова ал учурда Елисеевге кылмыш иши козголгонун жана издөөгө алынганы боюнча маалыматка ээ болгон эмес.

"Бир гана Салянова эмес, аталган министрликте иштегендер жана иш боюнча негизги күбө катары көрсөтмө берүүгө чакырылгандардын баары ал учурда мындай маалыматка ээ эмес болгонун айтышты. Укук коргоо органдары "Салянова Елисеев боюнча билүүсү үчүн атайын кат жиберип сураштырыш керек эле" деп жатат. Юстиция андай кылууга милдеттүү эмес", - деди Жакупбекова.

Белгилей кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан