Социалдык тармактарда 15-17-февраль күндөрү Ош улуттук драма театрында башкы ролду Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова ойногон жазуучу, драматург Султан Раевдин чыгармасынын негизинде коюлган "Илегилек" драмасынын баасы кызуу талкууланууда.
Жогоруда аталган драманын баасы илинген афишаларда 750 сом экени көрсөтүлгөн. Көпчүлүк интернет колдонуучулар "спектаклде белгилүү ырчы башкы ролду ойногону үчүн баасы ушунча кымбатпы?" деген суроо салышкан.
Спектаклдерге болгон бааны сураш үчүн Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрына кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти:
"Биздин Кыргыз драма театрында кандай гана спектакль коюлбасын баасы 200 сом турат. Ал көптөгөн эл аралык сынактарга катышып келсе да, жаңыдан коюлуп жатса да айырмасы жок. Театрдын эң негизги максаты күйөрмандарга руханий азык берүү жана искусствону сүйүүгө тарбиялоо болуп эсептелет".
Ал эми "спектаклдин баасы эмне себептен 750 сом деп коюлган жана бааларды ким көзөмөлдөйт?" деген суроо менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылганыбызда: "Спектаклдерге болгон баа Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жана Маданият министрлиги менен биргеликте бекитилет. Эки мамлекеттик орган спектаклдерге болгон эң жогорку бааны 500 сом деп бекитип берген", - деп билдиришти.
Ошондой эле азыркы тапта эмне себептен ОУДТда "Илегилек" драмасына болгон баа афишаларда 750 сом деп көрсөтүлгөндүгү тууралуу териштирилип жаткандыгын министрликтен кошумчалашты.
Айта кетсек, "Илегилек" драмасы буга чейин "Туңгуч" театрынын актёрлору тарабынан коюлуп, анда башкы ролду Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова, жаш актриса Таазим Үметалиева ойногон. Аталган спектакль көптөгөн чет элдик театрларда көрсөтүлүп, Лондондо өткөн "Ачык Борбор Азия" аталышындагы II эл аралык искусство фестивалында "Алтын жоогазын" сыйлыгына татыган.