Бүгүн, 2-февралда SUPER.KG порталына окурман WhatsApp аркылуу кайрылып, Ош шаарындагы "Кремль" аталышындагы рестобар өрттөнүп жатканын билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, саат 13:30 чамасында Ленин көчөсүндө жайгашкан "Кремль" кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
"Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылган. Саат 14:11де чектөөгө алынды", - деп билдиришти аталган министрликтен.