Египетте адам органын сатууга шектелген дарыгерлер тобу кармалды

Египетте адам органын сатууга шектелген дарыгерлер тобу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, дарыгерлер акчага муктаж болгон адамдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кайсы бир органын сатууга көндүрүшкөн. Донор болууга макулдугун берген адам Каирге келип, анализдерин тапшырып бүткөнчө бир канча күн батирде жашап турган. Андан соң дарыгерлер тобунун биринин иш бөлмөсүндө болуп, кийин ал хирургдардын колуна өткөрүлгөн.

Жабырлануучулардын биринин айтымында, ал бөйрөгүн 1400 долларга сатууга макул болгон. Дарыгерлер операциядан мурун ага 300 доллар берип, калганын башка донор таап келсе гана беришерин айтышкан. Мындан улам ал башка донор таап келип гана, калган акчасын алып кете алган.

Учурда дарыгерлер тобунун бардык мүчөсү кармалып, жабырлануучулар көрсөтмө берип жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Batma08
2018-02-02 15:35:43
Оздорунда жиликтеп башкаларга берип салуу керек
+5
Snejana
2018-02-02 16:13:08
Саткан адамдын мээси ордунда эмес да
+5
raikakyz
2018-02-02 16:16:04
Тобоо,тобоо.
+6
Nursultan.nurik
2018-02-02 17:28:32
1400 $ га сатып алып аны бери жагы 20 000 $ га сатат
+5
Bilal_12
2018-02-02 17:49:15
Заманга шылтайбыз,Адам пейилибизден таап жатабыз. Акча ,адамдык абийирден ойдо болуп калды.Бир козун,бир козуно душман заман.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан