Бүгүн, 2-февралда Ош шаарындагы "Кремль" кафесинен чыккан өрт саат 14:53тө толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылган. Болжол менен кафенин 200 чарчы метр аянты күйгөн.
Аталган кафе өрттөнүп жатканы боюнча окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлаган болчу.