Өлкө жетекчиси Сооронбай Жээнбеков 2 күндүк иш сапары менен Тажикстанга барды. Ал Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуп, анда Кыргыз-Тажик чек арасын тактоо зарылдыгына басым жасалды. Жээнбеков өкмөттүк комиссиянын ишин тездетип, Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоонун жол-жобосун биротоло макулдашуу үчүн жакын арада жолугушуу өткөрүүнү сунуштады. Өлкөлөр ортосунда саламаттыкты сактоо, туризм, илим өӊдүү тармактарда кызматташууну караган 8 документке кол коюлду.
26 жылдан бери Кыргыз-Тажик, Кыргыз-Өзбек чек арасын 100 пайыз тактоо мүмкүн болбой келе жатат. Кыргыз-Тажикстан чек арасынын жалпы узундугу 971 чакырым. 2018-жылга карата анын 521 чакырымы такталып, 450 чакырымы тактала элек. Такталбаган тилкенин айынан Кыргыздын Баткен аймагында маал-маалы менен чек ара жаӊжалы чыгып турат. Мисалы, 2017-жылы аймакта 10 жаӊжал чыгып, адам өмүрүнө коркунуч жаралган учурлар дагы бар. Мындай окуялар, албетте, өлкөлөрдүн мамилесине зыянын тийгизет. Расмий маалыматка таянсак, 2013-жылга чейин Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосунда товар жүгүртүүнүн суммасы 187 миллион долларга чейин жетсе, чек ара жаӊжалы басылбаган 2014-жылы 30 миллион долларга же 6 эсе түшүп кеткен. 2014-жылы эле Кыргыз-Тажик чек арасында 32 чыр чыгышы - Баткенде элдин коопсуздугу кандай экенин айтып турат. Ал эми 2017-жылы Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстан менен чек арасы 85 пайызы такталып, 15 гана пайызы калды деп маалымат таратылды. Бирок талаш жаратып келаткан тилкелер, мисалы, Кемпир-Абад (Андижан) суу сактагычы, Үӊкүр-Тоо, Аксы, Ала-Бука аймактарындагы башка тилкелер кантип, кимдин пайдасына чечилгенин элге ачык айтпай жатышат. Белгилүүсү - Кыргыз жеринде жайгашкан Орто-Токой суу сактагычы эми ортолук пайдаланууда болуп, андагы суунун 92 пайызын Өзбекстан керектейт.
Дүйшөмбү сапарынан кийин Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча комиссиянын иши жанданары күтүлөт. Коӊшу өлкөнүн премьери Кохир Расулзада менен сүйлөшүүдө Жээнбеков: "Биз чек ара маселесин чечүүдө бир орунда туруп калбашыбыз керек", - деп билдирди. Бул кыргыз элинин, айрыкча чек ара аймагында жашаган жарандардын башкы тилеги.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстанды "САSA-1000" долбоору да байланыштырып турат. "CASA-1000" - Кыргыз мамлекети, Тажикстан, Пакистан жана Ооганстан биргеликте ишке ашырууну көздөгөн долбоор. Долбоордун наркы 1,17 миллиард доллар, Кыргыз тарап 325 чакырымга электр чубалгыларын тартуу үчүн 233 миллион доллар каражат жумшаганы турат. Долбоор ишке ашса Кыргыз Республикасы менен Тажикстан жай айларында Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттойт. Дүйшөмбү сапарында ушул маселе да талкууланды. Коӊшулар, анын ичинде Тажикстан менен Кыргыз өлкөсүнүн мамилеси алдыдагы 6 жылда президент Сооронбай Жээнбековдон көз каранды болот. Эксперттер Жээнбековдун президент катары алгачкы расмий сапарларынын коңшу өлкөлөргө - Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанга жасалышын оӊ баалап жатышат. Ал эми жөжө саноого азырынча эрте...
Биринчи вице-премьер Темир Жумакадыров каза тапкан жол кырсыгына айыпталган айдоочу Автандил Таалайбек уулу 10 жылга соттолду. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу) боюнча күнөөлүү деп табылды. Жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөйт. Ошондой эле мамлекетке 2 миллион 95 миӊ сом төлөөгө тийиш.
Темир Жумакадыров, жардамчысы жана айдоочусу каза тапкан жол кырсыгы 2017-жылы 7-октябрда Бишкек - Кара-Балта трассасында болгон. Бул кырсык боюнча соттук отурумда эксперт Михаил Сябро Жумакадыров бараткан унаанын да, аны менен сүзүшкөн КамАЗдын да ылдамдыгын, ким жол кырсыгын болтурбай качып кетсе болмок экенин аныктоого мүмкүн болбогонун айтты.
2017-жылы декабрда Темир Жумакадыровдун жубайы Нора Сүйүналиева бул окуяда жол кырсыгына күнөөлүү айдоочу 10 жыл жатак абакта отуруп же мөөнөтүнөн мурун эркиндикке чыгып, жолдо кайра эле коркунучтуу айдоочу пайда болушу мүмкүн экенин айтып чыккан. Ал айыпталуучунун жазасын күчөтүүнү, абактан чыккандан кийин да өмүр бою автоунаа айдоого тыюу салуу керектигин билдирген. Сот чечимине ылайык, соттолуучу жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин 3 жыл автоунаа айдоосуна тыюу салынды.
КамАЗдын айдоочусу күнөөнү моюнга алган, андыктан сот чегерген жазаны тартууга тийиш. Бирок 11 жылдык мөөнөт ушуга окшош башка кырсыктар боюнча чыккан сот чечимдеринен кескин айырмаланып калды. Мисалы, 2011-жылы Бишкек-Торугарт автожолунан ал кездеги Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев жол тандабас унаасы менен каршылаш тилкеге чыгып Ауди үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Кырсыктан 3 адам каза таап, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси менен (жогорудагы окуядагыдай) кылмыш иши ачылып, акырында экс-мэрдин уулу шарттуу түрдө 7 жылга кесилген.
Ушинтип чиновниктердин аты аталган иштер сотко жетпей, жетсе айыпталуучуларга өзгөчө мамиле жасалып жеӊил жазалар менен кутулуп кетишет. 2015-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Таалайбек Ибраевдин кызматтык унаасы адам өмүрү кыйылган жол кырсыгына катышкан. Жабырлануучу 40 жаштагы Аида Орозобаева ооруканадан каза таап, депутат тосмо арыз жаздыруу үчүн 200 миң сом сунуштаганын маркумдун жакындары айтып чыгышкан. Ал сөздү депутат калп деп, моюнга алган эмес. Азырынча Кыргыз милициясынын, прокуратура, сот органдарынын кош стандарттуу мамилени токтотууга жөндөмү, эрки жетишсиз болуп турат...