"Манас” көзөмөл-өткөрүү пунктунан башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракет кылган аял чек арачылар тарабынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-февраль күнү чек арачылар тарабынан 32 жаштагы А.С. аттуу жаран кармалган. Текшерүү учурунда паспорт башка жаранга таандык экендиги аныкталган. Ал 1992-жылы төрөлгөн тууганынын паспорту менен Бишкектен Стамбулга багыт алган.
Бул факты боюнча тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран УКМКнын аймактык кызматкерлерине өткөрүлүп берилгендиги жазылат маалыматта.