Футзал боюнча Азия чемпиондугу: Кыргыз-Ливан беттеши 2:2 эсебинде жыйынтыкталды

Футзал боюнча Азия чемпиондугунун алкагында Кыргыз курама командасы менен Ливан курамасы 2:2 эсебинде ойноду.

Тайбэйде өтүп жаткан Азия биринчилигинин финалдык этабында Кыргыз курама командасы алгачкы беттешинде Ливан курамасы менен кез келди. Анда Амиржан Мукановдун шакирттери атаандашы менен 2:2 эсебинде ойноду.

Эсеп санын 16-мүнөттө Кыргыз курамасынын оюнчусу Максат Алимов ачты. Анда ал атаандашынын айып аянтчасына кирип келип, дарбазачыны алдап, таамай сокку менен гол киргизди. Буга Ливан курамасы 21-мүнөттө жана 28-мүнөттө Ахмад Эль-Диненин голдору менен жооп кайтарды. 35-мүнөттө Кыргыз футзалчы Адилет Иманбеков дарбазанын алыскы бурчуна узатылган таамай сокку менен эсепти теңдеп, 2:2 кылды.

Муну менен Кыргыз жана Ливан курама командалары өз капчыгына 1 упайдан алып келди. 4-февралда Кыргыз курамасы Иордания менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
dosym
2018-02-02 16:34:59
Тв дан көрсөтпөйт бекен
0
edua
2018-02-02 19:20:56
Жаман эмес.азаматтар
0
nishantashmativa
2018-02-02 20:45:31
Тайпасындагы атаандаштары жөнүндө да маалымат берип койгулачы
0
FCBMESSI
2018-02-03 15:27:37
Алга Кыргызстан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан