UFC'нин жеңил салмактагы чемпиону Конор Макгрегор кийинки атаандашы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты.
"Азыр мен кийинки атаандашым ким боло турганын сүйлөшүүдөмүн. Тандоо көп, Фергюсон бар, жеңилбеген дагестандык бар. Балким, Орусияда чоң шоу болот же болбосо Нейт Диас менен үчүнчү беттешимди өткөрөм. Ошондой эле, албетте, Мейвезер менен кез келүү. Бизде толтура мүмкүнчүлүктөр бар, азыр ошолорду сүйлөшүп жатабыз", - деди Конор Макгрегор.
Конор Макгрегор 2016-жылдын ноябрында Эдди Альварести техникалык нокаут менен жеңип чемпион болгондон бери UFC'нин алкагында бир да беттешке чыга элек.
Эске сала кетсек, буга чейин "эгерде Конор ушул жылдын сентябрь айында рингге чыгып беттеш өткөрбөсө, кур башка мушкерге өтүшү керек" деп UFC уюмунун башчысы Дэйна Уайт билдирген болчу.