ЖЫЛНААМА, 2-ФЕВРАЛЬ: Испаниялык футболчу Жерар Пике 31 жашка толду

Бүгүн, 2-февралда футбол боюнча Испания курама командасынын жана каталониялык "Барселона" футболдук клубунун оюнчусу Жерар Пике 31 жашка чыкты.

Балалык кез

Жерар Пике 1987-жылы 2-февралда Испаниянын Барселона шаарында жарык дүйнөгө келген. Кичинекей кезинен футболго кызыккан жаш спортчу 10 жашында оор тандоодон өтүп, "Барселона" футболдук клубунун академиясынын өспүрүмдөр командасына кошулган. Ошол убакытта жаш футболчуларды, кийинчерээк "Барселонанын" башкы машыктыруучусу болгон Тито Виланова тарбиялаган. Жаш футболчу өз командасында Лионель Месси жана Сеск Фабрегас менен бирге машыккан.

Ал "Барселонанын" бардык баскычтарынан өтүп, профессионалдуу футболчу катары өнүгүүсү ылдамдыкта өткөн. Футболдук академияда бир нече жыл тарбияланган соң каталониялык клубдун экинчи "Барселона Б" командасында ойноп баштаган. Ошол замат таланттуу футболчуну англиялык клубдун менеджерлери да байкап калышкан.

"Манчестер Юнайтед"

Жерар Пике 2004-жылы эң титулдуу жана мыкты командалардын бири "Манчестер Юнайтед" менен келишим түзөт. Жаңы командасына тез арада көнүп, 3 апта өткөн соң алгачкы оюнга чыгат. Анда өзүн жакшы көрсөтө албай калган Пике 2 жыл ичинде 10 беттешке гана катышат. Бирок буга карабастан 2005-жылы "Манчестер Юнайтед" менен келишимди 4 жылга узартат.

2006-жылы "Манчестер Юнайтед" оюн талаасында талантын анча көрсөтө албаган Жерар Пикени испаниялык "Реал Сарагоса" клубуна ижарага берет. Пике "Сарагосада" 1 сезон ойноп, 22 оюнга катышып 2 гол жаратат. 2007-жылы кайрадан "МЮга" келип, бирок негизги курамга кире албай калат.

"Барселонага" кайтып келүү

2008-жылы өзүнүн тарбиялануучусун кайтаруу максатында "Барселона" клубу "Манчестер Юнайтед" менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, оюнчу менен келишим түзөт. Мындан кийин Пике үчүн жаңы жашоо башталып, "Барселонанын" дебюттук сезонунда команданын негизги курамына кошулат. Каталониялык команда менен бирге Испания чемпиондугун, Испания кубогун, Чемпиондор Лигасын, УЕФАнын Суперкубогун, клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугун жана башка ири мелдештерде алдынкы орундарды багындырат. "Барселона" менен 426 оюнга катышып, 37 жолу гол киргизген.

Улуттук курамдагы жетишкендиктер

Өзүн тажрыйбалуу оюнчу катары көрсөткөн Жерар Пикени Испаниянын улуттук курамынын машыктыруучулары командага чакырат. 2009-жылы Испания курамасында дебютун өткөрүп, ошол эле жылы мекендештери менен Түштүк Африка Республикасында өткөн Конфедерациялар кубогунда коло медалга ээ болот. Ал эми 2010-жылы ошол эле Түштүк Африка Республикасында орун алган Дүйнө биринчилигинде чемпиондукту камсыздайт. 2012-жылы Испания курамасы менен Европа чемпиондугун жеңип, 2013-жылы Бразилияда өткөн Конфедерациялар кубогунда күмүш байгеге ээ болот. Жалпы эсепте Жерар Пике Испаниянын курамасы менен 94 беттешке катышып, 5 жолу айырмаланганга үлгүргөн.

Жеке жашоосу

Футболчу азыркы тапта колумбиялык ырчы Шакира менен жарандык никеде жашайт. Алардын ортосунда Милан жана Саша аттуу балдары бар. Сүйүшкөндөрдүн ортосундагы жаш айырмачылыгы 10 жыл.

2-февралдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
King_239622
2018-02-02 18:53:36
Базар жок... Жакшы оюнчу
+2
Tyty1990
2018-02-02 20:29:39
King_239622,рамоско жетпейт
-1
FCBMESSI
2018-02-02 22:29:29
Пике бар Барса зынк
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан