Жактоочу: "Жумуш убактысы бүткөнүнө карабай Аида Салянованын иши боюнча соттук отурум уланууда"

Аида Салянованын иши каралып жаткан соттук отурум жумуш убактысы бүткөнүнө карабай уланууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Аида Салянованын жактоочусунун жардамчысы Марлен Керимкулов билдирди.

"Бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык сотунда Аида Салянованын иши каралып жатат. Анын жүрүшүндө жарыш сөз орун алып, Аида Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова жарыш сөздү сүйлөп жаткан. Негизи соттук отурумдардын убактысы 17:30да бүтүшү керек эле, бирок сот жумуш убактысы бүткөнүнө карабастан мажбурлап улантууда. Чынара Жакупбекова эмчектеги баласы бар экенин айтты эле ага 17:40та үйүнө барып эмизип келүүгө 40 мүнөт убакыт берди. Чынара Жакупбекова үйүнө барып эмизип келгенден кийин учурда соттук отурум уланууда", - дейт Марлен Керимкулов.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Bolunbo.kyrgyz
2018-02-02 19:05:54
Ит эле болдуго
0
Bolunbo.kyrgyz
2018-02-02 19:06:04
Сотторубуз
0
1919
2018-02-02 20:14:14
Туура эле эртен мененге чейин даже канча кун созулсада буторуш керекта. Кундо эле жылды ал келбей калды бул келбей калды. Соттосо сотоп, актаса акташ керекта.Башкалар байкуш бечаралар жататта очереди келбей. Соттор бошобой. Адамдын омуру деле силерге оюнчук болуп калдыго
+2
sezim
2018-02-02 22:00:39
Biz dele jurobuz go oorukanada jumuw ubaktybyz buttu debeile je mamkyzmat awyk toloboit al uchun
+1
taalay25
2018-02-03 12:54:42
Мындай кылуу керек. Мурда Ф. Кулов менен Исмаил Исаков, Эркин Булекбаев да бир канча соттук териштуруу журуп соттолушкан.
0
Rifle_I
2018-02-03 23:14:15
Кыргыздын канын кыргыз соруп, акыры келип бири бирибизди жеп жутабыз.
Текебаевди да так далили жок жалаа менен камап сала берди. Эми Салянова кезекте.

400млн$ ким жегенин издебейби ? Же кулаган учак жабылып кете бердиби ? Ош окуясы унутулду. Апрель окуясы эсте калды.
Тарыхта калат дегенибиз менен учурдагы жашоону талкалагандар тайраңдап жашап жүрөт.
0
jaskaaa
2018-02-04 04:43:58
Сотто нени эле айтып бутпой койушту?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан