Жогорку Сот уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делген Самарбек Жолдошевди камакта калтыруу чечимин чыгарды. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын билдиришинче, 19-январда Ысык-Ата райондук соту Жолдошевди №3-абактан жатак абакка которуу боюнча чечим чыгарган. Бирок бул чечимге нааразы болгон тарап жогорку инстанциядагы сотко кайрылган.
Айта кетсек, Самарбек Жолдошев 2016-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал "адам уурдоо", "уурулук", "опузалап акча талап кылуу" беренелери боюнча айыпталган. Ал "Дөө" каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун жакын адамы катары айтылып жүрөт.
Буга чейин Жогорку Сот "кримавторитет" Чыӊгыз Жумагулов (каймана аты Дөө) боюнча Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарган. Ага ылайык, жакында эркиндикке чыккан Жумагулов №3-колонияга киргизилген.