Бишкек шаардык сотто депутат Аида Салянованын иши боюнча сот отуруму бүгүн, 2-февралда да улантылды. Анын жактоочусу Чынара Жакупбекова эртең мененки саат 10до жарыш сөзгө чыгып, түшкү тыныгуудан кийин сөзүн саат 20:00гө чейин улантты. Ал Аида Салянова 2010-жылы юстиция министри болуп турганда Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартууда мыйзам бузууга барбаганын, күнөөсүз экендигин айтып, ага ылайыктуу жүйөлөрдү келтирди.
Бирок иш убактысы саат 17:30да бүткөнүнө карабай соттук жамаат жактоочуга баласын эмизип келүүгө 40 мүнөт убакыт берип, ал келгенден кийин ишти кароону улантты. Саат 20:00 чамаларында соттук жамаат ишти кароону 5-февралга жылдыруу чечимине келди. Ал күнү да алгачкы ирет Жакупбекова бүгүн бүтпөй калган жарыш сөзүн улантмакчы.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.