Бишкекте белгисиз адам милиция кызматкерин тапанча менен атып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 2-февраль күнү саат 23:45 чамасында Бишкектин Чыгыш-5 кичи району тарапта болгон. Анда белгисиз адам милиция кызматкерине тапанчадан ок чыгарып, качып кеткен. Учурда Чүй облусуна жана Бишкек шаарына "колго түшүрүү" планы жарыяланып, кылмышкер изделүүдө.
Ал эми октон жабыркаган милиция кызматкери ооруканага жаткырылды.