Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн саат 10:06 чамасында катталган. Анын очогу Жаз-Кечүү айылынан 3 чакырым түштүк-чыгышта, Кызыл-Үңкүр айылынан 10 чакырым түштүк-чыгышта, Көк-Жаңгак шаарынан 34 чакырым түштүктө жана Кара-Көл шаарынан 54 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
"Жер титирөө Жаз-Кечүү айылында 3 балл, Кызыл-Үңкүр, Ак-Булак жана Көк-Алма айылдарында 2,5 баллга сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.