Чүйдө поезд бир адамды сүзүп кетти. Маалыматка караганда, кырсык 2-февраль күнү саат 14:00 чамасында Беловодское айылы тарапта болгон. Кырсыктын кесепетинен 1972-жылы туулган эркек киши жабыркап, жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Ошол учурда ал мас абалда болгон.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы жогорудагы кырсыктын болгонун тастыкташты.